15.05.2018 16:15

«Манас»  эпосу комикс түрүндө басылып чыкты

«Манас»  эпосу комикс түрүндө  басылып чыкты

Дүйнөдөгү эң көлөмдүү «Манас»  эпосун эми комикс түрүндө көрүп, окуп чыкса  болот. Бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында кооздолуп чыгарылган китептин бет ачары өттү. 

Бул китепти басып чыгаруу демилгесин  Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фонду  көтөрүп чыккан. Китепти түзгөн эл жазуучусу, КР Баатыры, драматург, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси - Бексултан Жакиев. 

Ал эми, тексттерге сүрөттү Замир Илипов жараткан.

Мааниси терең, окулушу жеңил комикс бардык курактагы окурмандарга арналат. 1 миң даана нускада чыгарылып, баасы миң сом. Каалагандар Роза Отунбаева фондунан сатып алса болоору айтылат билдирүүдө.